15:30, 25-апрель, 2026

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу 9,5 жылга чейин созулушу мүмкүн, - министрлик

На русском
11:11, 25-апрель, 2026 453

АКИpress - Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык 9-9,5 жылды түзөт. Бул тууралуу 24-апрелде энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу качан бүтөрүнө кызыкты.

Министрдин орун басарынын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси аткарылып бүттү. Учурда өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо иштери жүрүп жатат.

«Алдын ала сүйлөшүүлөр Кыргызстандын аймагында өттү. Кийинки сүйлөшүүлөр кийинки аптада Ташкентте, андан кийин Астанада болот. Делегациялар түзүлүп, алар менен иш алып барылууда. Ишкана түзүлгөндөн кийин мындан аркы иш пландары такталат», - деди ал.

Алтынбек Рысбеков Дүйнөлүк банк менен каржылоо маселелери чечилгенин да билдирди. Биринчи баскыч үчүн үч республиканын ар бирине - Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга 250 миллион доллардан каралган.

ТЭНге ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун наркы насыя пайыздык чегерүүлөрүн кошпогондо 3,8 миллиард долларды түзөт.

Министрдин орун басарынын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун так мөөнөтү долбоорду толук даярдагандан кийин аныкталат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»