14:38, 25-апрель, 2026

«Ынтымак Ордодо» инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү үчүн атайын зал уюшулат

На русском
10:41, 25-апрель, 2026 314

АКИpress - Министрлер кабинети Президенттик администрациянын «Ынтымак Ордо» административдик имаратында «Долбоорлор залы» атайын аянтчасын түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту түздү. Тийиштүү тескемеге 2026-жылдын 17-апрелинде кол коюлду.

Документке ылайык, жаңы аянтча Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана потенциалдуу инвесторлор менен жолугушууларды өткөрүү үчүн уюшулат.

Ведомстволор аралык жумушчу топко «Долбоорлор залынын» концепциясын 2026-жылдын 1-августуна чейин иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле топко министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан керектүү маалыматтарды суратып алуу, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын адистерин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу укугу берилди.

Жумушчу топтун курамына Президенттик администрациянын, Президенттик иш башкармалыктын, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү, ошондой эле санариптик өнүктүрүү, экономика, курулуш, транспорт, энергетика жана маданият министрлеринин орун басарлары кирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»