АКИpress - Бишкекте Сүйөркулов көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки 100-150 метр тилкеси оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.
Мэрия билдиргендей, аталган тилке 25-апрель күнү саат 18:00дөн 26-апрель күнү саат 09:00гө чейин жабык болот.
Тилкеде түтүк алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.