21:49, 24-апрель, 2026

Соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган айткан жаран кармалды

На русском
17:12, 24-апрель, 2026 262

АКИpress - 20-21-апрель күндөрү «Евразия» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу атайлап жалган маалымат берген деген шек менен Ж.У.М. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кармалган жаран кылмышын жашыруу жана анонимдүүлүк үчүн өзүнүн @azertrc деген аталыштагы аккаунту аркылуу Telegram социалдык тармагында мессенжерлерде катталган аккаунту бар SIM-карталарды сатып алып турган.

«Анын мындай кадамга баруусуна укук коргоо органдарынын мындай фактыларга кандай реакция кыларын билүүгө болгон кызыгуусу түрткү болгону аныкталды.

Террордук акт тууралуу атайлап жалган билдирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оор кылмыш болуп эсептелет жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет», - деген УКМК жарандарды сак болууга чакырып, жеке маалыматтарын жана SIM-карталарын үчүнчү жактарга бербөөгө чакырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»