21:58, 24-апрель, 2026

Өлкөдө 300 миңге жакын кызматкердин эмгек акысы жогорулайт, - Президенттик администрация

На русском
16:55, 24-апрель, 2026 603

АКИpress - Кыргызстанда эмгек акылардын жогорулашы 300 миңге жакын кызматкерди камтыйт, деп билдирди Президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.

Анын айтымында, акыркы жылдары эмгек акынын аздыгынан улам дарыгерлер, мугалимдер, ошондой эле маданият жана спорт кызматкерлери жумуштарын таштап кетишкен.

Ал акыркы 5 жылда эмгек акылар баскыч менен жогорулап, шарттар түзүлүп, реформалар жүргүзүлдү деп белгиледи. 2026-жылдын 1-апрелинен тарта эмгек акылар орто эсеп менен 100%га көбөйдү. Айдын аягына чейин кызматкерлер жогорулатылган төлөмдөрдү алышат, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилген.

Орунбеков мисал келтирип, мурда шаардагы стажы жок жаш мугалим 14 миң сомго жакын алса, эми салыкты чыгарып салгандан кийин 39 миң сомго жакын, тагыраагы 32 миң сом ала турганын белгилеген. 30 жылдан ашык стажы бар бийик тоолуу аймактагы мугалим 104 миң сомго жакын (колуна 90 миң сомго жакын) аларын айтты.

Шаардагы стажы жок жаш дарыгер мурда 17 миң сомго жакын алса, эми 42 миң сомго жакын алат. Тоолуу аймакта 30 жылдан ашык стажы бар дарыгер 91 миң сомго жакын (колуна 75 миң сомго жакын) алат.

Жалпысынан, анын айтымында, мугалимдердин эмгек акысы орто эсеп менен 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жана андан жогору болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»