17:51, 24-апрель, 2026

Эмгек министрлиги райондук коэффициенттер эмне үчүн ар башка болорун түшүндүрдү

На русском
13:45, 24-апрель, 2026 256

АКИpress - Кара-Кулжа районунун бир катар айылдарынын тургундары райондук коэффициенттердин адилетсиз бөлүштүрүлүп жатканын айтышууда. Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, Күйөташ жана Сай-Талаа айылдарында 1,30–1,40 коэффициенти колдонулат, ал эми башка калктуу конуштарда шарттары жеңилирээк болгонуна карабастан 1,45 коэффициенти колдонулуп келет.

Эмгек министрлигинин эмгек башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Абдилсамал Бектуров коэффициенттер жердин деңиз деңгээлинен бийиктигине жараша мыйзам менен белгиленерин, ал эми 1,45 коэффициенти үчүн бийиктик 2200дөн 2400 метрге чейин болушу керектигин түшүндүрдү.

Эмгек министринин орун басары Мирлан Байгончоков көтөрүлгөн маселелер кошумча изилдене турганын белгиледи.

Райондук коэффициенттер — бул мамлекет тарабынан бийик тоолуу аймактарда, алыскы жана жетүүгө кыйын айылдарда, ошондой эле климаттык шарты катаал региондордо жашап жана иштеген адамдардын эмгек акысына жана социалдык төлөмдөрүнө кошулуучу үстөк акылар.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»