15:19, 24-апрель, 2026

Айылдарды бийик тоолуу аймак деп аныктоонун ыкмасы кайра каралат

На русском
13:25, 24-апрель, 2026 263

АКИpress - Кыргызстанда алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конулштарды аныктоо үчүн методологияны жана критерийлерди иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Абдилсамал Бектуров 24-апрелде «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Бул маселени депутат Сүйүнбек Өмүрзаков көтөрүп, буга чейин Эмгек министрлиги менен Транспорт министрлиги мындай аймактарга кошумча колдоо механизмдерин иштеп чыгуу ниетин билдиришкендигин эске салды. Ал жарандар конкреттүү чечимдерди жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн күтүп жатканын кошумчалады.

Бектуров мурда Транспорт министрлиги тарабынан алыстыгын жана жол инфраструктурасынын татаалдыгын эске алууну караган долбоор даярдалгандыгын билдирди. Бирок, документ бир катар министрликтердин эскертүүлөрүнөн улам макулдашылган эмес жана кайрадан иштелип чыкмак болгон.

Анын айтымында, учурда Экономика жана коммерция министрлиги, Каржы министрлиги менен биргеликте эксперттерди тартуу менен жаңы методологияны жана критерийлерди иштеп чыгууда.

Ошондой эле, бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгууга тапшырма берилгендигин кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»