21:56, 24-апрель, 2026

27-30-апрель аралыгында Боом капчыгайында кооптуу таштар кулатылат

На русском
12:39, 24-апрель, 2026 140

АКИpress - 27-апрелден 30-апрелге чейин Боом капчыгайындагы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Иш-чаралар аба ырайына жараша күндүзгү убакта, тагыраагы саат 10:00дөн 16:00гө чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жолду жарым-жартылай тосуу менен ишке ашырылат.

Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке боюнча багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, транспортко өтүүгө уруксат берилет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»