АКИpress - 27-апрелден 30-апрелге чейин Боом капчыгайындагы Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 116-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Иш-чаралар аба ырайына жараша күндүзгү убакта, тагыраагы саат 10:00дөн 16:00гө чейин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жолду жарым-жартылай тосуу менен ишке ашырылат.
Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилке боюнча багытталат. Эгерде 30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таш түшүрүү иштери убактылуу токтотулуп, транспортко өтүүгө уруксат берилет.