16:47, 24-апрель, 2026

Былтыр короо кыдырууда ата-энеси мигрант 84 миңден ашык бала аныкталды

На русском
12:35, 24-апрель, 2026 135

АКИpress - Кыргызстанда 2025-жылы оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо максатында 320 миңден ашык короо жайга текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу 24-апрелде «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, жыйынтыгында ата-энеси мигрант болгон 84 миңден ашык бала аныкталган. Ата-энелердин 82%ы чет өлкөгө чыгып кеткен, калгандары ички миграцияда болгон. Балдар тиешелүү кызматтардын көзөмөлүнө алынган.

«Бул иш үй-бүлөлүк жагымсыз жагдайларды, анын ичинде ата-эненин камкордугу жок болгон учурларды аныктоого багытталган», - деп Байгончоков.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»