17:33, 24-апрель, 2026

Кыргызстанда жыл сайын миңге жакын адам эхинококкоздон улам операция болот

На русском
11:50, 24-апрель, 2026 250

АКИpress - Кыргызстанда жыл сайын миңге жакын адам эхинококкоздон улам операция болушат. Бул тууралуу 24-апрелде өткөн форумда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин адиси Динагүл Оторбаева билдирди.

Эхинококкоз жана альвеококкоз Кыргызстанда ден соолукту чыңдоо жаатындагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Оторбаева миң операциянын 21%ы оору кайталангандыгынан болорун кошумчалады.

Ошондой эле, альвеококкоз менен ооругандардын саны көбөйүп жатканы өзгөчө тынчсызданууну жаратарын белгиледи. Оорунун оордугу боюнча ал онкологиялык ооруларга теңелип, көп учурда майыптыкка алып келет.

Оорулар боорду гана эмес, баш мээни, өпкөнү жана башка органдарды да жабыркатышы мүмкүн.

Оторбаева Кыргызстанда 14 жашка чейинки балдар арасында эхинококкоз жана альвеококкоз жуккан учурлар катталып жатканын маалымдады.

Адистин айтымында, кээ бир учурларда бейтаптарга өмүр бою дарылануу талап кылынат.

Оору Нарын облусунда көп катталат. Анын жайылышынын негизги себептери болуп, оорулуу иттер менен байланыш, гигиена эрежелерин сактабоо жана үй жаныбарларын үзгүлтүксүз дарылабагандык саналат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»