15:08, 24-апрель, 2026

Европа Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүүчү өлкө деп тааныды

На русском
11:37, 24-апрель, 2026 370

АКИpress - Европа биримдиги Орусияга каршы 20-санкциялар пакетин кабыл алды. Ошондой эле биринчи жолу үчүнчү өлкөгө карата санкцияларды айланып өтүүгө каршы курал колдонулду. Тактап айтканда Кыргызстан чектөөлөргө дуушар болду. Бул тууралуу Европа комиссиясы билдирди.

Евробиримдиктин (ЕБ) 2025-жылдын алгачкы 10 айына карата соода маалыматтарына ылайык, ЕБдан Кыргызстанга импорттолуучу товарлар согушка чейинки деңгээлге салыштырмалуу дээрлик 800%га өскөн, ал эми Кыргызстандан Орусияга экспорттолуучу товарлар 1200%га көбөйгөн.

Чектөөлөр эки түрдүү товарлга тиешелүү: металл иштетүүчү борборлор (коду 8457 10) жана үн, сүрөт жана башка маалыматтарды кабыл алуу, өзгөртүү жана берүү же регенерациялоо үчүн машиналар, анын ичинде коммутациялык жана маршрутташтыруучу жабдуулар (коду 8517 62). 

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы санкцияларды айланып өтүү тобокелдиги туруктуу мүнөзгө ээ юрисдикция катары таанылды.

Финансы

ЕБ ички рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелген орусиялык банктардын саны 70ке чейин көбөйдү. Алардын ичине Кыргызстан, Лаос жана Азербайжандын төрт банкы кирди. Кыргызстандан «Керемет Банк» жана «Капитал Банк» кошулду. Чектөө 2026-жылдын 14-майынан баштап күчүнө кирет. Орусиялык криптосервис провайдерлери жана борборлоштурулган криптоплатформалар менен болгон операцияларга толук тыюу салынды. RUBx стейблкоининин жана санариптик рублдун колдонулушуна тыюу салынды. Санкцияларды айланып өтүү аркылуу Орусиядан эл аралык транзакцияларды камсыз кылган төлөм агенттерине чектөөлөр киргизилди. Үч өлкөнүн беш каржы түзүмү санкциялык тизмелерден чыгарылды.

Санкцияларды айланып өтүүгө каршы күрөшүү

«Санкцияларды айланып өтүүгө каршы курал» биринчи жолу Кыргызстанга карата активдештирилди. Негиз катары ЕБдан Орусияга дрон жана ракеталарды өндүрүү үчүн колдонулган станок жана телекоммуникациялык жабдууларды системалуу түрдө реэкспорттоо болгон. Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексин колдогон же санкцияларды айланып өткөн 32 орусиялык жана башка өлкөдөн (Кытай, Гонконг, Түркия, БАЭ, Таиланд) 28, жалпысынан 60 түзүм санкциялык тизмелерге кошулду.

Энергетика

Орусиянын энергетика секторунун 36 түзүмү, анын ичинде мунайды чалгындоо, казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу менен алектенген компаниялар санкциялык тизмелерге киргизилди. Орусиялык көмүскө флоттун кемелеринин жалпы саны 632ге жетти — 46 жаңы кеме кошулду, 11и алынды. Портторго кирүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууга тыюу салынды. Орусиянын Мурманск жана Туапсе порттору, ошондой эле Индонезиядагы Каримун мунай терминалы санкциялык тизмеге киргизилди. Орусиялык суюлтулган жаратылыш газын ташыган танкерлерин жана муз жаргыч кемелерди техникалык тейлөөгө, ошондой эле суюлтулган жаратылыш газынын терминалдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тыюу салынды. Орусиянын мунайын деңиз аркылуу ташууга келечекте тыюу салуу үчүн укуктук негиз даярдалды — тыюу салуу боюнча чечимди ЕБ Кеңеши G7 менен кеңешкенден кийин өзүнчө кабыл алат.

Соода

Орусияга 365 миллион евродон ашык суммага, анын ичинде резина жана трактор экспорттоого жаңы тыюу киргизилди. Жарылуучу заттарды, лабораториялык айнек идиштерди, жогорку натыйжалуу майлоочу материалдарды экспорттоого чектөөлөр киргизилди. Орусиянын киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрүнө чектөөлөр киргизилди. 530 миллион евродон ашык суммага металлдарды, химиялык заттарды жана минералдарды импорттоого жаңы тыюулар киргизилди. Аммиак импорттоого квота белгиленди.

Аскердик-өнөр жай комплекси

Аскердик продукцияны, айрыкча учкучсуз аппараттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү менен алектенген 58 компания жана аларга байланыштуу жеке жактар тизмеге киргизилди. Ошондой эле орусиялык армияга эки максаттуу товарларды жеткирген Кытай, БАЭ, Өзбекстан, Казакстан жана Белоруссиядагы жеткирүүчүлөргө санкциялар киргизилди.

Кошумча тизмелер

Пакет 120 жаңы тизмеден турат: 33 жеке жак жана 83 уюм. Активдерди тоңдуруу, каржылык ресурстарды берүүгө тыюу салуу, ал эми жеке жактарга — өлкөгө кирүүгө тыюу салуу киргизилген.

ЕБ операторлорун укуктук коргоо

ЕБга мүчө мамлекеттердин соттору орусиялыктарга Орусиянын сотторунда негизсиз доо арыз козголгон учурда айып салуу укугуна ээ болушту. ЕБ компаниялары мындай чечимдер үчүнчү өлкөлөрдө аткарылганда келтирилген чыгымдарды өндүрүп алуу укугуна ээ болушту. ЕБ операторлорунун интеллектуалдык менчигин Орусияда алардын макулдугусуз пайдаланган жактар, ошондой эле европалык компаниялардын активдерин экспроприациялоодон пайда көргөн түзүмдөргө каршы транзакцияларга тыюу салынды.

Пропаганда жана илим

ЕБда санкциялык тизмелерге киргизилген пропагандалык жалпыга маалымат каражаттарын туураган сайт жана домендердин контентин жайылтууга тыюу салынды. ЕБнын илимий жана билим берүү мекемелери үчүн орусиялык өкмөттөн изилдөө жана инновация чөйрөсүндө каржылоо алууга тыюу салынды.

Беларусь

Пакеттин соода, каржы, кызмат көрсөтүүлөр жана ЕБ операторлорун укуктук коргоо жаатындагы бир катар жоболору Белоруссияга карата санкциялык режимге жайылтылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»