21:39, 24-апрель, 2026

АКШнын аскер учак ташыган үчүнчү кемеси Иранга жакындады

На русском
10:53, 24-апрель, 2026 643

АКИpress - «Нимиц» классындагы USS George H.W. Bush аскердик учак ташыган кемеси Инд океанына кирип, учурда АКШнын Борбордук командачылыгынын жоопкерчилигиндеги аймакка жайгашты. Бул тууралуу аскердик ведомствонун маалымат кызматы X социалдык тармагында билдирди.

«The Washinton Post» басылмасынын жазганына караганда, анын бортунда миңдеген аскер кызматкерлери жана ондогон заманбап истребителдер бар. 

Кеме кандай буйруктарды алаары азырынча белгисиз. Басылманын бир булагы: «Аскерлер буйрук келген учурда каалаган убакта соккуларды кайра баштоого даяр», - деп билдирген. «CNN» телеканалынын маалыматы боюнча, азыр Пентагондо Иранга сокку уруу боюнча жаңы пландар иштелип чыгууда, аларды аскер кызматкерлери ок атышпоо келишими бузулган учурда аткара баштайт.

Араб деңизине бара жаткан жолдо аталган кеме Кызыл деңиз жана Баб-эль-Мандеб кысыгынан өтпөө үчүн Түштүк Африканы айланып өткөн.

«АКШнын командачылыгы хуситтердин ракеталык чабуулдарынан кооптонгон», - деп билдирген АКШнын Аскер-деңиз институтунун маалымат кызматы.

Буга чейин апрель айында «Би-би-си» басылмасы америкалык «Abraham Lincoln» атомдук кемеси 11-апрелде Оман булуңунун четинде, Ирандын жээгинен 200 чакырым түштүктө тургандыгын кабарлаган. Кийинчерээк, ошол эле айда «Associated Press» АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн «Gerald R. Ford» атомдук кемеси эки эсминецтин коштоосунда Кызыл деңиздин акваториясына киргенин билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»