21:48, 24-апрель, 2026

Аскер кызматкерлерине пенсия чегерүү жобосуна өзгөртүү киргизүү боюнча талкуу өттү

На русском
10:29, 24-апрель, 2026 403

АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев, Кубанычбек Самаков, Гүлшаркан Култаева 23-апрелде «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыздоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого катышты.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Нурбек Сыдыгалиев, Кубанычбек Самаков, Улукбек Карыбек уулу, Гүлнара Баатырова.

Авторлордун айтымында, долбоор бийик тоолуу аймактарда (1800 метр жана андан жогору бийиктикте) он календардык жылдан ашык аскердик кызмат өткөн аскер кызматчыларын социалдык жактан колдоону жакшыртууга багытталган. Анда пенсия чегерүүдө райондук коэффициентти сактоо; кызмат учурунда алынган кошумча акылар жана компенсациялык төлөмдөр пенсияга чыккандан кийин эсепке алынышы сунушталууда.

Талкууга коргоо министринин орун басары Талайбек Шаршеев, башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, каржы министрлигинин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Талкуу «суроо-жооп» форматында өттү. Мыйзам долбооруна бир катар сунуштар киргизилди. Демилгечилер кызыкдар тараптарды угууга, келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»