03:18, 25-апрель, 2026

Кыргызстанда балдар 18 жашка чейин акысыз медициналык камсыздандыруу менен камсыздалат

На русском
10:12, 24-апрель, 2026 256

АКИpress - Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасындагы жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – кыргызстандыктарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен, ошондой эле калктын айрым категорияларын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык кызматтар менен камсыз кылуу.

Мыйзамда республикалык бюджеттин каражаттарынан милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнүүчү балдардын курагын 16 жаштан 18 жашка чейин жогорулатуу каралган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»