15:03, 24-апрель, 2026

Нарында кубаттуулугу 250 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда, - министр

На русском
10:04, 24-апрель, 2026 146

АКИpress - Нарын облусунда кубаттуулугу 250 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу 22-апрелде радиодо энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, долбоор «International Finance Corporation» менен биргеликте, Дүйнөлүк банктын каржылоосунда ишке ашырылат.

Министр сынактын жыйынтыгында чет элдик подрядчы компания аныкталып, анын менен тарифтерди макулдашууну камтыган келишим түзүлгөнүн белгиледи.

Долбоорду ишке ашыруу быйыл башталат, пайдаланууга киргизүү 2027-жылдын сентябрь-октябрь айларына пландалууда.

Мындан тышкары Баткен облусунда (Кадамжай району) жана Талас облусунда мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк алкагында ушундай эле долбоорлорду ишке ашыруу каралууда. Бул долбоорлор боюнча «International Finance Corporation» техникалык-экономикалык негиздемени даярдап, сынак өткөрөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»