АКИpress - Экология министрлигинин өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) делегациясы менен биргеликте Кара-Балта шаарындагы таштанды полигонунун абалын карап, жаңы санитардык полигондун курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин изилдешти.
Полигон «Фукуока» япон технологиясы менен курулат. Бул технология жагымсыз жыттарды жок кылууга, зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, ошондой эле объектте таштандынын өзүнөн-өзү күйүп кетүүсүн жоюуга мүмкүндүк берет. Адистер долбоорлоону баштоо үчүн керектүү техникалык параметрлерди аныкташты.
Долбоорго 4 млн доллар өлчөмүндө грант бөлүнөт. Заманбап полигондун курулушу Кара-Балта шаарынын жана Чүй облусунун Жайыл районундагы 32 айылдын таштандыларын жайгаштырууга байланыштуу курч экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.