17:19, 24-апрель, 2026

Президент кайырчылык менен алектенген чет элдиктерди өлкөдөн чыгарган мыйзамга кол койду

На русском
09:34, 24-апрель, 2026 391

АКИpress - Президент Садыр Жапаров «Кээ бир мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодекске, "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты — кайырчылыктын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу, жолдордун жүрүүчү бөлүгүндө кайырчылык кылууну токтотуу менен жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аз камсыз болгон жарандарды акча суроо үчүн пайдалануудан коргоо.

Мыйзамда төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

1) Укук бузуулар жөнүндө кодекске:

- кайырчылык (126.1-берене) жана кайырчылыкка азгырууну (1262-берене) жасагандыгы үчүн жоопкерчилик белгилөөчү ченемдерди киргизүү;

- кайырчылык менен алектенген жана ага жасоого азгырган чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагынан чыгарып жиберүүнү белгилөөчү ченемди киргизүү;

- Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126.1-беренеси, 126.2-беренесинин 2-бөлүгү боюнча укук бузуулар жөнүндө иштерди кароону жана сот тарабынан жаза чараларын колдонууну аныктоо;

- Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126.2-беренесинин 1-бөлүгү боюнча укук бузуулар жөнүндө иштерди кароону жана ички иштер органдары тарабынан жаза чараларын колдонууну аныктоо;

- кайырчылыкты, кайырчылыкка тарткан адамды ички иштер органдары тарабынан кармоону ишке ашырууну бекемдөө;

2) «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга:

- кайырчылык кылган жана аны менен алектенүүгө азгырган чет өлкөлүк жаран Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат деген ченемди белгилөө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»