АКИpress - 24-апрелден тарта Бишкекте №244 кичи автобустун багыты өзгөрөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Эми аталган каттам Кыргызстан конушуна чейин узартылды. Муниципалитет билдиргендей, бул чечим аталган аймактын тургундары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртат.