15:41, 24-апрель, 2026

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту

На русском
09:10, 24-апрель, 2026 313

АКИpress - Садыр Жапаров 23-апрелде Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен сүйлөштү.

Жолугушууда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, муну менен катар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурулду. Ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралды. 

Тараптар аймактык күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүү боюнча позициялары тууралуу пикир алышты.

Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Владимир Путинди үстүбүздөгү жылы 31-августта жана 1-сентябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышууга чакырды.

Өз кезегинде Владимир Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия тараптын интеграциялык бирикмелердин алкагында активдүү өз ара аракеттенүүгө берилгендигин, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча күч-аракеттерди координациялоону жана практикалык кызматташтыкты мындан ары да арттырууга даяр экендигин ырастады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында лидерлер кыргыз-россия кызматташтыкка кошумча динамика берүүгө жана өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча биргелешкен демилгелерди ырааттуу илгерилетүүгө өз ара багыт алышканын билдиришти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»