АКИpress - Чүй облустук соту 23-апрелде Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Бегалиев Талас Кубанычбековичке карата чечим чыгарды, деп «АКИpress» редакциясына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал төмөнкү беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды:
- КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу);
- 262-беренесинин 2-бөлүгү (кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу);
- 263-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топту жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо);
- КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгү, 2-пункту (кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу).
Ал мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.
2025-жылдын 19-майында УКМКнын басма сөз кызматы Бегалиевдин жана дагы эки адамдын кармалышы тууралуу маалымат тараткан. Материалдарда Бегалиев милицияда жетекчилик кызматтарда иштеп турганда, «Дөө-Чыңгыз» деген каймана аты менен белгилүү 2022-жылы №21 тергөө абагында киши колдуу болгон кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өкүл атасы болгондугу айтылган.
УКМКнын маалыматы боюнча, Бегалиев уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери менен биргеликте Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жайгашкан жалпы аянты 2 гектар, баасы 2 млн доллар болгон эки жарандын жер тилкесин тартып алган. Кийинчерээк, УКМК белгилегендей, бул жер Бегалиевдин туугандарынын атына кайра катталган.