21:04, 23-апрель, 2026

Бишкекте мас абалда унаа башкарган айдоочу кармалды

На русском
18:48, 23-апрель, 2026 217

АКИpress - Бишкекте унааны мас абалда башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда айдоочунун мас экенини байкалган — андан спирт ичимдигинин жыты чыгып турган. Айдоочу наркология борборуна жеткирилип, ал жерден медициналык текшерүү анын ичимдик ичкенин тастыктаган.

Унаа айып короого киргизилип, мас айдоочуга карата протоколдор түзүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»