АКИpress - Манас шаарынын «Мурас Юнайтед» командасы футбол боюнча Азиянын Чакырык лигасынын (Challenge League) финалына чыккан жок.
Турнирдин жарым финалдык беттешинде Кыргызстандын командасы Кувейттин учурдагы чемпиону «Аль-Кувейт» клубуна каршы ойноду. Беттеш 22-апрелде Бишкек шаарында өттү.
«Мурас Юнайтед» оюндун 36-мүнөтүндө эсеп ачты. Ал эми биринчи бөлүктүн аягында, кошумча берилген үчүнчү мүнөттө атаандаштар эсепти теңеди (1:1).
Экинчи бөлүк башталгандан эки мүнөт өтпөй, Кувейттин командасы экинчи голун киргизди. «Аль-Кувейт» 2:1 эсебинде жеңишке жетип, 9-майда Камбожанын клубуна каршы өтүүчү финалга жолдомо алды.
Бул жеңилүү менен «Мурас Юнайтед» турнирден четтеп, ушул сезондо Азиянын экинчи Чемпиондор лигасында ойноо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Жарым финал, 22-апрель
«Мурас Юнайтед» — «Аль-Кувейт» — 1:2.