12:19, 23-апрель, 2026

Туризмди өнүктүрүү фондунун кызматкерлери 90 млн сомдук зыян келтирүүгө айыпталууда

На русском
10:20, 23-апрель, 2026 244

АКИpress - Башкы прокуратура Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта аталган фонддун кызмат адамдары жеке уюмдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталган. Алар өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүүдө жалган бакубаттуулукту көрсөтүү максатында, мамлекет үчүн зыяндуу болгон консультациялык кызматтарды көрсөтүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерди түзүшкөн. Жыйынтыгында ал долбоорлор ишке ашкан эмес.

Бул мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке 90 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»