АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп 24-апрелде АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы боюнча жакшы жаңылыктар болушу мүмкүн экенин билдирди.
«The New York Post» басылмасынын Исламабаддагы булактары Пакистандын сүйлөшүүлөрдөгү ортомчулук аракеттери оң жыйынтык бергенин билдиришти. Ошол эле учурда, Пакистан тарап жакынкы «36-72 сааттын ичинде» АКШ менен жаңы байланыштар болорун белгиледи. Басылма Трамптан бул боюнча комментарий берүүнү суранган.
«Бул мүмкүн», - деп жооп берген Трамп.
АКШ менен Ирандын өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу 11-апрелде Пакистандын борборунда өткөн. Тараптар Ирандын ядердик программасы жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелерди жүргүзүү боюнча бир пикирге келе алган эмес. Учурда Иран Ормуз кысыгын, ал эми АКШ Ирандын портторун бөгөттөп турат.