11:54, 23-апрель, 2026

Экологиялык көйгөйлөр тармактар аралык чечимдерди талап кылат, - ТМУнун башкы катчысы

На русском
10:00, 23-апрель, 2026 149

АКИpress - Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Астанада өткөн Регионалдык экологиялык саммиттин алкагындагы сессияда климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, жерлерди калыбына келтирүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча комплекстүү чараларга арналган баяндама жасады.

Ал азыркы экологиялык чакырыктар өз ара байланышта экенин айтып, тармактар аралык чечимдерди талап кылаарын баса белгиледи. Анын айтымында, климат, жер жана био ар түрдүүлүк маселелерине өз-өзүнчө мамиле жасоо натыйжалуулугун жоготкон.

Башкы катчы ошондой эле ТМУнун «Green Vision» демилгесинин ишке ашырылышын жана түрк дүйнөсүндө туруктуулукту жогорулатууга, «жашыл» күн тартибин өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган макулдашылган аймактык саясатты иштеп чыгуу боюнча аракеттерди белгиледи.

Мындан тышкары, ал эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты күчөтүүгө жана COP климаттык конференцияларынын алкагында глобалдык процесстер менен тыгыз координацияны бекемдөөгө чакырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»