11:37, 23-апрель, 2026

Бишкекте кайгуулчулар адашкан 5 жашар баланы ата-энесине таап беришти

На русском
09:33, 23-апрель, 2026 238

АКИpress - Бишкекте кайгуул кызматкерлери жоголгон баланы ата-энесине табууга жардам берди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

22-апрель күнү болжол менен саат 16:30да инспекторлор 5 жаштагы баланы табышкан, ал өзүнүн дарегин да, ата-энеси тууралуу да маалымат айта алган эмес.

Милиция кызматкерлери ата-энесинин өздүгүн аныктагандан кийин, бала үй-бүлөсүнө өткөрүлдү.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»