АКИpress - 22-апрелде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм эркек бала төрөлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.
Маалым болгондой, Перинаталдык борбордун дарыгерлери 35 жаштагы көп түйүлдүктүү, тобокелдиги жогору кош бойлуу бейтаптын төрөтүн ийгиликтүү кабыл алышкан. Боюнда бар аял март айынын аягында кош бойлуулуктун 31-жумасында оор преэклампсия, мурунку кесарево операциясынан кийинки жатындагы тырык жана медициналык тобокелдиктерди камтыган олуттуу кыйынчылыктар менен борборго которулган.
Керектүү терапиянын аркасында кош бойлуулукту 35 жумага чейин узартууга мүмкүн болгон. Учурда эне менен балдардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө.