11:15, 23-апрель, 2026

Сүрөт — Кыргызстандын курама командасы Азиянын кум үстүндөгү оюндарынын ачылышында

На русском
08:48, 23-апрель, 2026 228

АКИpress - Кыргызстандын курама командасы Кытайда өтө турган Азиянын кум үстүндөгү оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Алтынчы жолку оюндар 22-апрелде Санья шаарында расмий түрдө башталды.

Ачылыш аземинин алкагында мелдештерге катышуучулардын парады өттү, анда Кыргызстандын желегин жеңил атлет Тимур Исаков көтөрүп чыкты.

Бул оюндарга Кыргызстандын атынан 9 спорттун түрүнөн 40 спортчу катышат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»