АКИpress - Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи.
Жаңыртылган рейтинг 6-12-апрель аралыгында Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Алмаз уулу 61 кг салмак категориясында күч сынашып, бирок баштапкы эле беттешүүдө уттуруп, байге үчүн күрөштөн четтетилип, жыйынтыгында 8-орунду ээлеген.
Бирок буа карабай кыргызстандык спортчу рейтингдеги орунун сактап калды.