10:43, 23-апрель, 2026

Бишкекте 13 жашар Актан Асеинов изделүүдө

На русском
08:38, 23-апрель, 2026 358

АКИpress - Бишкекте 2013-жылы туулган Асеинов Актан Алымбекович изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Апасынын айтымында, 21-апрель күнү саат 13:00 чамасында бала «Бугу-Эне Багыш» конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 160–165 см, салмагы 40–45 кг, арыкчырай, чачы кыска, кара. Кийими: кызыл-ак түстөгү спорттук үстүңкү кийим, көк жинсы жана ак спорттук бут кийим. Колунда уюлдук телефону болгон эмес.

Милиция жарандардан өспүрүмдүн жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар болсо +996 700 669 334 же 102 номеруна билдирүүнү суранат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»