АКИpress - Токмокто бычак менен ден соолукка оор зыян келтирүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 22-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
18-апрелде Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө Ленин көчөсүндө бычактан жаракат алган адам тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.
Болжол менен саат 14:00дө эки эркек кишинин ортосунда чыр чыгып, натыйжада 1976-жылы туулган жаран чогуу ичимдик ичип отурган 1986-жылы туулган таанышынын көкүрөк тушуна ашкана бычагы менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Жаракат алган жаран Токмокто оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.