12:03, 23-апрель, 2026

Мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарып, Ысык-Көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөдү, - президент Казакстандагы саммитте

На русском
14:46, 22-апрель, 2026 436

АКИpress - Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктардын өлкөлөрдүн жана элдердин туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна тийгизген таасири күчөп жаткан шартта, бул саммитти өткөрүү демилгесинин өз убагында жана актуалдуу болгонун баса белгиледи.

«Кыргызстанга дүйнөлүк парник газдарынын чыгындыларынын болгону 0,03%ы гана туура келет. Бирок биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат», - деп белгиледи.

Мисал катары төмөнкү фактылар келтирилди:

  • 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү, жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн долларды түзөт;
  • Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарды;
  • болжолдоолорго ылайык, 2100-жылга чейин Кыргызстан 80%га чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн;
  • Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү;
  • көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн ашыктан отузга чейин кыскарды;
  • мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30%га өстү.

Белгиленгендей, климаттын өзгөрүшү региондо жана дүйнөдө суу ресурстарына жана энергетикага байланыштуу көйгөйлөрдү ого бетер күчөттү. Президент Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метр деп эсептелерин кошумчалады.

«Муну менен бирге биздин өлкө өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет. Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасы ана энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз», - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Кыргызстан суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалады.

«Суу чарба секторуна акыркы бир жылда 80 млн АКШ долларына жакын каражат бөлдүк. Соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 млн АКШ доллары багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2%ын түзөт. Бирок, бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системаны куруу үчүн жетишсиз», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Кыргызстан ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимиттерин сактоону, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды жүзөгө ашырууну, гидротехникалык курулуштарды сактоону жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келерин баса белгиледи.

«Биз жасаган иштердин баары экосистемалык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат, алар бардык суу пайдалануучулар тарабынан колдоого алынышы жана биргелешип каржыланышы керек. Аймактагы өлкөлөрдүн бирдиктүү макулдашууга келиши оңой эмес, бирок биз кызыкчылыктардын тең салмагын таап, аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерине натыйжалуу экономикалык инструменттерди баскычтуу киргизүүдө комплекстүү мамилелердин негизинде өз ара кабыл алына турган чечимдерди иштеп чыгышыбыз керек», - деп белгиледи ал.

Буга байланыштуу президент чөлкөмдө суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу экономикалык компенсациялык механизмди заман талабындагы шарттарда киргизүүнү сунуштады.

Мамлекет башчы суу чарба тармагын жана суу инфраструктурасын, анын ичинде ирригациялык каналдарды модернизациялоо, ошондой эле сууну үнөмдөөчү жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү зарылдыгына токтолду. Президент коңшу мамлекеттер менен биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле климаттык жана экологиялык фонддордун каржылоосун тартууга чакырды.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Бишкек шаарында Энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча аймактык борборду ачуу демилгесин көтөрдү. Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын жана Париж келишиминин алкагындагы бөлүп чыгарууларды кыскартуу максаттарына жетүү үчүн конкреттүү чараларды көрүүдө.

Өз сөзүндө президент «жашыл» энергетика тармагындагы долбоорлор, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, чакан гидроэлектр станцияларды, күн жана шамал электр станцияларын өнүктүрүү ишке ашырылып жатканын билдирди. Мамлекет башчысы климаттык каржылоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан климат боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди толугу менен аткарып жатканын баса белгиледи.

Садыр Жапаров климаттык каржылоону алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү жана каражаттарды биринчи кезекте аялуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге, анын ичинде тоолуу өлкөлөргө багыттоону жактады. Мамлекет башчы мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды.

«Биз бул саммиттин жыйынтыгы региондогу экологиялык тилектештикти бекемдөө үчүн маанилүү кадам болот деп үмүттөнөбүз. Биргелешкен аракеттер менен гана биз мекенибиздин туруктуу келечегин камсыз кылып, келечек муундар үчүн жаратылыш мурасын сактай аларыбызга ишенем», - деп баса белгиледи ал сөзүнүн аягында.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»