15:04, 23-апрель, 2026

Кара-Балтада «Фукуока» япон технологиясы менен жаңы таштанды полигону курулат

На русском
12:42, 21-апрель, 2026 399

АКИpress - Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «Фукуока» япон технологиясын колдонуу менен заманбап таштанды полигонун куруу боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор экологиялык жүктү азайтууга жана калдыктарды башкаруунун заманбап стандарттарын киргизүүгө багытталган.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө министрликтин, Азия өнүктүрүү банкынын жана жапон фондунун өкүлдөрү долбоорду ишке ашыруу, анын ичинде гранттык каржылоону тартуу жана техникалык колдоо маселелерин талкуулашты.

«Фукуока» технологиясы калдыктардын жаратылыш жолу менен ажыроо процесстерин тездетип, уулуу фильтратты пайда кылууну азайтып, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алат. Салттуу полигондордон айырмаланып, ал өзүнөн-өзү күйүп кетүү коркунучун минималдаштырат жана жагымсыз жыттардын жайылышын бир кыйла азайтат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»