15:58, 21-апрель, 2026

Кыргызстандын волейболчу кыздары Непалда өтүүчү мелдешке катышат

На русском
10:24, 21-апрель, 2026 155

АКИpress - Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Непалда өтүүчү Азиянын зоналык чемпионатына катышат.

Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) турнири 20-30-май күндөрү Катманду шаарында 8 курама команданын катышуусунда өтөт. Тактап айтканда Бангладеш, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Мальдив аралдары, Непал жана Шри-Ланка командалары ат салышат.

Кыргызстандын курама командасы бул турнирде Украинадан келген жаңы башкы машыктыруучу Евгений Николаевдин жетекчилиги астында ойнойт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»