17:19, 21-апрель, 2026

Садыр Жапаров Конституциялык соттун судьясы кызматына Бакыт Кыдыралиеваны сунуштады

На русском
15:08, 21-апрель, 2026 330

АКИpress - Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети 21-апрелде Конституциялык соттун судьясы кызматына сунушталган Кыдыралиева Бакыт Амантуровнанын талапкерлигин карады.

Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштады.

Талапкердин өмүр баяны тууралуу президенттин жана Министрлер Кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиев айтып берди.

Кыдыралиева Бакыт Амантуровна 1976-жылдын 6-сентябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында төрөлгөн.

1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2000-жылдын апрелинен 2001-жылдын августуна чейин — Бишкектин Свердлов районунун адвокаттар коллегиясында адвокат,

2004-жылдын ноябрынан 2008-жылдын сентябрына чейин — Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин бөлүмүнүн улук консультанты,

2008-жылдын августунан 2019-жылдын мартына чейин — Бириккен Улуттар Уюмунун долбоорунда укуктук жана конституциялык маселелер боюнча эксперт,

2016-жылдан 2022-жылга чейин — Чүй облустук адвокаттар коллегиясынын адвокаты,

2022-жылдан 2025-жылга чейин — Президенттин алдындагы Сот адилеттиги кеңешинин мүчөсү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»