10:44, 21-апрель, 2026

Бишкек милициясында 2 жетекчи кызматтан бошотулуп, 12 кызматкер жазаланды

На русском
08:39, 21-апрель, 2026 484

АКИpress - 20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында жыйын өткөнүн борбор калаанын милициясынын басма кызматынан билдиришти.

Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Токтоналиев системада көзөмөл күчөтүлүп, жетекчилердин тартип жана мыйзамдуулук үчүн жоопкерчилиги катаалдатылып жатканын билдирди. 

Жыйында 14 жетекчиге карата тартиптик чаралар көрүлүп, анын ичинен 2 киши ээлеген кызматтарынан бошотулгандыгы маалым болду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»