11:50, 21-апрель, 2026

Алехандро Ариас Доминикананын Кыргызстандагы элчиси болду

На русском
09:45, 21-апрель, 2026 145

АКИpress - 20-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Доминикана Республикасынын Кыргызстандагы (резиденциясы Москва шаарында) элчиси Алехандро Ариастан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамилени активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирип, эл аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташуусун белгилешти.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар өз ара сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешкен иштерди улантууну макулдашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»