АКИpress - Кыргызстандык спортчу Мария Коробицкая Тажикстанда өткөн эл аралык чуркоо мелдешинде 3-орунду ээледи.
18-апрелде Дүйшөмбү шаарында 15-ирет уюштурулган эл аралык жарым марафон өттү. Кыргызстандык жөө күлүк 1 саат 17 мүнөт 36 секунда жыйынтыгы менен маарага үчүнчү болуп келди.
Коробицкаяга 23 миң 700 сомони (болжол менен 218 миң сом) акчалай сыйлык берилди.
Ал эми эркектер арасындагы жарышта кыргызстандык Нурсултан Кеңешбеков 1 саат 4 мүнөт 40 секунда убакыт менен 1-орунду камсыз кылды.
Мария Карабицкая