АКИpress - 21-апрелде Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Суу таңкы саат 09:00дөн кечки 22:00гө чейин турак үйлөр, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелеринде өчүрүлөт.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Курманжан датка көчөсү темир жолдон Менделеев көчөсүнө чейин;
- Төкөлдөш конушу – Ч. Валиханов көчөсү;
- Шабдан баатыр проспектиси – Ауэзов көчөсү – Учкун кичи району;
- Учкун турак жай массиви, темир жол – Садовое көчөсү – Путепроводная көчөсү – Ч. Валиханов көчөсү.
Өчүрүү суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө реконструкция иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.