10:22, 21-апрель, 2026

Нургазы Анаркулов камактан бошотулду

На русском
17:06, 20-апрель, 2026 1357

АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-мартта ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Нургазы Анаркуловдун бөгөт чарасын өзгөрттү.

20-апрелде «АКИpress» редакциясына райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, алгач Анаркулов 10-апрелге чейин үй камакка чыгарылган. Андан кийин 7-апрелде бөгөт коюу чарасы узартылган.

Анаркулов массалык башаламандыкка даярдыкты уюштурууга шектелүүдө. 

Февралда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 жарандын каты тууралуу маалымат тараган. 

ИИМ билдиргендей, кайрылуу калк арасында талкуу жаратып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчуткан.

11-февралда Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаев, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аалы Карашев кармалган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»