АКИpress - Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-апрелде тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Чыңгыз Төкөлдөшевди камакта калтырды.
Райондук соттун басма сөз кызматы 20-апрелде «АКИpress» редакциясына билдиргендей, Төкөлдөшевдин 21-тергөө абагындагы мөөнөтү 15-июнга чейин узартылды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча шектелүүдө.
Буга чейин социалдык тармактарда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун «40 чоросу» деп аталган спортчулар, ишкерлер жана милиция кызматкерлери камтылган видео тараган. Алардын арасында Төкөлдөшевдин да аты аталган.
Милициянын полковниги Чыңгыз Төкөлдөшев Балыкчы ШИИБдин башчылыгына 2025-жылдын 7-июлунда дайындалган. Ага чейин Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеген. 23-февралда ИИМдин жетекчилигинин чечими менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Учурда тергөө уланууда.