АКИpress - Президенттин администрациясынын башчысынын орун басары – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев Анталиядагы дипломатиялык форумдун алкагында Сириянын президенти Ахмед Хусейн аш-Шаара менен жолукту.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кадыралиев форумда Кыргызстан президентинин Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча атайын өкүлү катары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап быйыл июнь айынын башында боло турган БУУнун Коопсуздук кеңешинин шайлоолорунда Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Кадыралиев боордош араб өлкөлөрүнүн колдоосу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Ахмед Хусейн аш-Шаара Кыргызстандын талапкерлигин колдоого даяр экендигин жана бул тууралуу чечимди расмий дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтөрүн билдирди.
Ошондой эле тараптар кызматташтыктын келечегин, аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ошондой эле гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде жабыркаган калкты колдоо боюнча өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.