20:39, 18-апрель, 2026

Садыр Жапаров TRON блокчейн платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды

18:18, 18-апрель, 2026 232

АКИpress - Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды.

Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү талкууланды.

Мамлекет башчысы TRON платформасынын негиздөөчүсүнүн криптоиндустриядагы маанилүү ролун жана борбордон ажыратылган финансы тармагына кошкон жеке салымын белгиледи.

“Бүгүнкү санариптик доордо мындай инновациялардын аркасында жаңы санариптик Жибек жолу – ачык өз ара аракеттенүү жана финансылык эркиндик тармагы түзүлүүдө”, - деди Садыр Жапаров.

Ал жогорку өткөрүмдүүлүк, транзакциялардын ыкчам аякташы жана төмөн комиссиялар бул платформаны стейблкоиндерди которуу үчүн алдыңкы инфраструктуралардын бири кылганын белгиледи.

Президент өткөн жылы өзүнүн жетекчилиги алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөнүнө токтолду. Бул платформа тармактык мамлекеттик органдардын аракеттерин жана эл аралык деңгээлде таанылган блокчейн индустриясынын эксперттеринин алдыңкы тажрыйбаларын бириктирет.

“Бир жылга жетпеген убакыт ичинде Улуттук кеңеш жана анын катчылыгы эбегейсиз секирик жасашты. Биз жогорку мамлекеттик деңгээлде бир нече жыйын өткөрдүк, анда рынок талап кылган: улуттук стейблкоинди ишке киргизүү, борбордук банктын санариптик валютасын (CBDC) сыноо жана пилоттук режимдерди киргизүү чечимдери кабыл алынды”, - деди мамлекет башчысы.

Бул контекстте ал ачык мамлекеттик саясат өлкөгө ири технологиялык компанияларды жана дүйнөлүк эксперттерди тартууга шарт түзгөнүн белгилеп, TRON негиздөөчүсүнүн сапары мунун ачык далили экенин айтты.

“Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу.

Азыр өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү өнүгүүдө, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, укуктук база бекемделүүдө жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда”, - деди Садыр Жапаров.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»