23:33, 17-апрель, 2026

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине 200 миң сомдон бир жолку төлөм берилет

На русском
20:42, 17-апрель, 2026 452

АКИpress - Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койгонун Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Документке ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды төлөөгө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине почта чыгымдарын эске алуу менен президенттик фонддон 4 млн 848 миң сом бөлүү тапшырылат:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
  •  Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдар;
  • 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, «За оборону Ленинграда» медалы менен сыйланган адамдар жана «Жителю блокадного Ленинграда» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»