21:44, 17-апрель, 2026

ТМУнун башкы катчысы Сингапурдун тышкы иштер министри менен сүйлөштү

На русском
19:04, 17-апрель, 2026 158

АКИpress - Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев  Сингапурдун тышкы иштер, соода жана өнөр жай министри Ган Сиоу Хуан менен жолугушту.

ТМУнун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу 17-апрелде Антальядагы 5-дипломатиялык форумдун алкагында өттү.

Тараптар учурдагы глобалдык окуялар жана экономикалык тенденциялар, алардын учурдагы кырдаалга тийгизген таасири, экономика, айыл чарба жана энергетика тармактарында кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Ошондой эле ТМУ менен Сингапурдун ортосунда санариптик соода жана инновациялар тармагында кызматташуу үчүн жалпы мүмкүнчүлүктөрдү издөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»