23:30, 17-апрель, 2026

Иран соода кемелери үчүн Ормуз кысыгын ачты

На русском
19:37, 17-апрель, 2026 451

АКИpress - 17-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Арагчи Ормуз кысыгы соода кемелери үчүн ачылгандыгын билдирди.

Ал социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, Ливандагы ок атышууну токтотуу режимине ылайык, бардык соода кемелери үчүн Ормуз кысыгы толугу менен ачык.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Truth Social» социалдык тармагындагы баракчасында: «Иран кысыкты [Ормуз кысыгы] толугу менен ачык деп жарыялады. Рахмат!», - деп билдирүү калтырды.

Маселе тууралуу

Иран АКШ жана Израилдин кол салуусунан кийин Ормуз кысыгын жаап салган, бул мунай жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратып, энергетикалык ресурстардын баасынын өсүшүнө алып келген.

2026-жылдын мартынан баштап Тегеран бул жолду жарым-жартылай: алгач дос мамлекеттердин (Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Ирак) кемелери үчүн ача баштаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»