00:58, 18-апрель, 2026

«Парковка» талашынан улам 3 бир тууган жаш жигитти сабаган, - милиция

На русском
18:02, 17-апрель, 2026 630

АКИpress - Ден соолукка оор залал келтирген шектүүлөр кармалды, деп билдирди Чүй милициясы.

16-апрелде Аламүдүн районунун Ленин айылында кызмат өтөп жаткан жол тескөөчүлөргө «КИА К7» унаасынын айдоочусу жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар 23 жаштагы жигитти сабап кетишкен.

Инспекторлор жабырлануучуну Чүй облустук ооруканасына жеткиришкенден кийин 2008-жылы туулган К.А., 2007-жылы туулган К.Ж. жана 2009-жылы туулган Р.У. аттуу жарандарды кармашкан. 

Тергөөдөгү маалымат боюнча, жабырлануучу менен К.А.нын ортосунда «парковка» талашынан улам чыр чыккан. Натыйжада К.А. бир туугандарын чакырып, алар жабырлануучуну дубинка менен сабап, андан соң качып кетишкен. Жабырлануучу эс-учун жоготуп, аны «КИА К7» унаасынын айдоочусу көрүп, өз унаасына салып, инспекторлорго кайрылган.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»