01:57, 18-апрель, 2026

Президент референдум жөнүндө жаңы мыйзам сунуштады

На русском
17:19, 17-апрель, 2026 2603

АКИpress - Жогорку Кеңеш 8-апрелде «Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун каттады. Документтин демилгечиси президент болду. Мыйзам долбоорун парламентте коргоо Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлдү.

Негиздеме-маалым катта түшүндүрүлгөндөй, жаңы мыйзам 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга шайкеш келүү максатында иштелип чыккан. 

Мыйзам долбоору референдумду дайындоо, даярдоо жана өткөрүүгө катышкан органдардын – президент, Жогорку Кеңеш жана Борбордук шайлоо комиссиясынын статусун жана ыйгарым укуктарын тактайт.

Өзгөртүүлөрдүн бири референдумду дайындоо демилгесине тиешелүү. Колдонуудагы редакция боюнча референдумду Жогорку Кеңеш депутаттардын, шайлоочулардын же Министрлер кабинетинин демилгеси менен дайындайт. Жаңы долбоор боюнча референдумду дайындоо укугу президентке өткөрүлүп берилет. Долбоорго ылайык, мамлекет башчысы референдумду өз демилгеси менен, же 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси менен, же Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын үчтөн экисинин демилгеси менен дайындайт.

Ошондой эле демилгени кароо мөөнөтү да өзгөрөт. Колдонуудагы мыйзам боюнча, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү референдумду дайындоо тиешелүү мыйзам долбоору парламентке келип түшкөн күндөн тартып 1 айдан кийин жана үч айга чейин кабыл алынат. Жаңы долбоордо бул ченем каралган эмес.

Мыйзам долбоору:

- референдумга катышуучуларды идентификациялоо процедураларын (онлайн жана оффлайн) тактайт;

- аралыктан жана электрондук добуш берүү түшүнүктөрүн киргизет;

- коомдук байкоочулардын статусун аныктайт;

- добуш берүүгө катышкандардын жарымынан көбү колдосо, чечим кабыл алынды деп эсептелет (шайлоочулардын 30%дан ашыгы катышканда) ;

- «макул» жана «каршы» топтордун фонддорун түзүү жана каржылоо тартибин жөнгө салат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»