03:40, 18-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:02, 17-апрель, 2026 (6 адам окуп жатат)
Бишкекте жылаңач жүргөн киши кармалды. Видео
10:18, 17-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Жалал-Абад милициясындагы жетекчи кармалды

УКМКнын башчысы жаңы түзүлгөн ММА ассоциациясынын президенти болду

На русском
16:24, 17-апрель, 2026 1400

АКИpress - Кыргызстанда Аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясы түзүлдү. Аны УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жетектейт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ассоциацияны түзүү чечими 17-апрелде кабыл алынды. Иш-чарага Улуттук кулатуу күрөш федерациясы, «WEF GLOBAL MMA», «GAMMA MMA» жана «IMMAF Кыргызстан» уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Ассоциация мелдеш өткөрүү ишмердүүлүгүн координациялап, мүмкүн болгон талаш-тартыштарды алдын алып, аралаш мушташ өнөрлөрүнүн өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде өнүгүшүн камсыздайт. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында ММА боюнча мелдештерди өткөрүү Спорт агенттиги менен милдеттүү түрдө макулдашуу аркылуу ишке ашырылары белгиленди.

Ассоциациянын вице-президенттери болуп төмөнкүлөр дайындалды:

Руслан Кыдырмышев («WEF GLOBAL MMA» президенти);

Бабур Төлбаев («GAMMA MMA» президенти);

Абдирашид Жолчубаев (Кулатуу күрөшү федерациясынын президенти);

Ырыскелди Нарбаев («IMMAF Кыргызстан» федерациясынын президенти).

Ал эми ассоциясынын башкы катчысы болуп Кулатуу күрөшү боюнча федерациянын башкы машыктыруучусу Эмил Токтогонов дайындалды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»